ЗАГРЕБ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 5 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗА́ГРЕБ – Хорватиянын борбор шаары. Сава дарыясындагы порт. Калкы 702,4 миң (2007). Эл ара­лык аэропорту бар. Каптола ж-а Градца шаарларынын биригишинен пайда болгон. Машина куруунун ири борбору (анын ичинде электр-техника), химия, нефть ажыратуу, текстиль, булгаары-бут кийим, жы­гаччылык, полиграфиялык өнөр жай ишканалары иштейт. Илимдер ж-а искусство академиялары, университет, Штрос­майер (мурдагы чеберлердин) галереясы, 40тан ашык музей (анын ичинде элдик революция, искусство ж-а кол өнөрчүлүк, археологиялык ж. б.), скульптор И. Меш­тровичтин үй-музейи бар. Эл аралык ярмарка­лар (апрель, октябрь) өткөрүлүп турат. Алгач 1094-жылдан эскерилет. 16-кылымдын ортосунан

Борбордук райондорунун биринин көрүнүшү.

Хорватиянын башкы шаары. 1526–1918-ж. Габ­сбургдардын бийлиги астында болгон. Собор, епископтун резиденциясы (13–15-, 19-кылымдар), чептер­дин калдыктары (15–16-кылымдар), шаар чептери (13– 18-кылымдар), готика стилиндеги Ыйык Марк чиркөөсү (14–15-кылымдар), барокко (Оршич-Раухов, 18-кылым) ж-а классицизм (Елачичтер сарайы, 18–19-кылымдар) сти­линдеги турак жайлар, театр (19-кылымдын аягы, эклектика), биржа (1920) сакталган. Түштүк Заг­ребде заманбап курулмалар курулган.