ЗАВОДСКОЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:17, 5 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАВОДСКО́Й – Чүй облусунун Москва районундагы кыштак. Петровка айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Беловодский кыштагынан 3 км түштүк-батыш тарапта. Деңиз деңгээлинен 720 м бийикте жайгашкан. Кыштак 1959-жылы отурукташкан. Калкы 1769 (2006); мал чарбасы м-н алектенип, дыйканчылыкта эмгектенет.