БУБЕНОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:15, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУ́БЕНОВ Андрей Леонтьевич (Леонидович) – 19-кылымдын биринчи жарымында орус аскер бийлигинин кызматкери. Туулган-өлгөн жылдары тууралуу маалыматтар жок, 1813-жылдан Сибирь аскер линиясында губерниялык тилмеч жана катчы, 1827-жылдан Сибирь генерал-губернаторунун алдында титулярдык кеңешчи. 1812-жылы күзүндө Сибирь линиясынын башчысы (1807–1815; 1815–1819-жылдары Сибирь генерал-губернатору) генерал-лейтенант (1800) Г. И. Глазенап (1750–1819) Семей чебин текшерүү учурунда (1812) алынган маалыматтарга ылайык кыргыздардын мекени аркылуу Чыгыш Түркстандагы Аксу шаарына чейин кербен жиберүүнү чечкен. Ошол эле жылы 60 казак-орус отрядын жетектеген сотник И. Старковдун коштоосу менен соода кербени «мурда белгисиз» жол аркылуу алгач Ысык-Көлдөгү бугу уруусунун бийлери Шераалы (Ширали, Шерали) менен Шапактын айылына келишкен. Андан ары сотник И. Старков Бедел ашуусу жана Какшаал тоолору менен кербенди Ой-Тал (Уй-Тал) деген кытайлык бекетке чейин узатып кайткан. Алар кайтып келгенден кийинки көрсөтмө-билдирүүнүн негизинде көпөс Миркурбан Ниязов башындагы соода кербени дайындалып, алар 1813-жылы август айында мурунку жол менен кайрадан жолго чыккан. Ушул кербендин ичинде А. Бубенов болуп, ага Сибирь генерал-губернаторунун атынан кыргыз бийлерине кат тапшыруу милдети тагылган. Кербенди Шапак, Шералы, Эшим ж. б. сыяктуу бугу уруусунун бийлери Түп суусунун боюндагы конушунда жылуу маанайда кабыл алган жана ошол жерден аларга кат тапшырылган. Бийлер жооп иретинде көпөстөрдү каалаган жерлерине чейин узатып бара тургандыктарын билдиришкен. Шералы бийдин уулу Ажыбай кербенди Чыгыш Түркстандагы Ак-Сууга бараткан жолдогу Үч-Турпан шаарына чейин узатып барган. Бубенов көпөстөр менен Чыгыш Түркстандан кыргыз конуштарына кайтып келгенден кийин Шералы жана Ниязбек бийлер Сибирь линиясынын башчысы Г. И. Глазенапка кат жазып, өз өкүлдөрүн жөнөтүшкөн. 21-ноябрда Бубенов кыргыз өкүлдөрү Качыбек Шераалы уулу жана Жакыпбек менен бирге Ысык-Көлдөн чыгып, 1814-жылы 5-январда Семей чебине келишкен. Сибирь бийликтери тарабынан кабыл алынган кыргыз өкүлдөрү өзүлөрүнүн конуштары аркылуу Кытайдын Ак-Суу, Кашкар, Тибет, Жаркент шаарларына жана Кашмирге каттаган кербендерге колдоо көрсөтөрүн айтышкан жана өз элинин атынан императордун бийлигине өтүүнү каалагандыктарын билдирүү үчүн Санкт-Петербургга императорго жөнөтүүнү өтүнүшкөн. Борбордун алыстыгына байланыштуу элчилерди Тоболдогу генерал-губернатор кабыл алган. 1815-жылы жайында кыргыз элчилери мекенине кайтышкан. Бубеновдун кыргыз конуштарына келиши 19-кылымдын акырынан бери үзүлүп калган кыргыз-орус байланышын калыбына келтирген. 1824-жылы 31-декабрда бугу уруусунун бийлери Акымбек Олжобай уулу, Алгазы Шераалы уулу, Алымбек Жапалак уулу баштаган өкүлдөр Семейге келген, андан 1825-жылы январь айында Омскиге барышкан. 1827-жылы 30-мартта Бубенов кыргыз конуштарына кайрадан келген жана аталган элчилерге Батыш Сибирь бийликтеринин белектерин тапшырган. Бубенов бир айдан ашык бугу уруусунун конушунда болуп, алардын турмушу жана ысык-көлдүк кыргыздардын өз ара мамилелери, саясий абалы менен таанышкан.

Т. Асанов.