БРЯНСК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:01, 7 Август (Баш оона) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРЯНСК – Россия Федерациясындагы шаар. Брянск облусунун административдик борбору. Десна дарыясынын боюнда жайгашкан. 1956-жылы Бежица шаары менен кошулган. Калкы 372 123 (2025). Темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу, металл иштетүү («Брянск автомобиль заводу», «Брянск машина куруу заводу», «Брянсксельмаш», «Арсенал» болот куюу заводдору), химия, жеӊил (анын ичинде камвол өндүрүш бирикмеси), тамак-аш ж. б. өнөр жайлары өнүккөн. Төрт ЖОЖ, 2 музейи, 3 театры бар. Археологиялык маалымат боюнча 10-кылымдын аягында пайда болгон; 1146-жылдан эскерилет. 1246-жылдан княздыктын борбору. 1356–1500-жылдары Литванын ээлиги. 19-кылымдан Брянск өнөр жайлуу аймактын борбору.