КОРУМДУ МӨҢГҮЛӨРҮ (Тескей Ала-Тоодо)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:26, 29 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КОРУМДУ МӨҢГҮЛӨРҮ 1 to КОРУМДУ МӨҢГҮЛӨРҮ (Тескей Ала-Тоодо)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРУМДУ МӨҢГҮЛӨРҮ – Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында жайгашкан өрөөн ж-а татаал өрөөн тибиндеги 2 ири мөңгү. Тоң суусунун оң куймасы – Корумдунун башында. Жалпы узундугу 7,4 км, аянты 10,4 км2. Башы деңиз деңгээлинен 4420–4460 м, этеги 3500 м бийикте жатат. Кар чеги­нин бийиктиги 3940–3960 м, абляциясынын аян­ты 2,0–2,6 км2. Мөңгүлөрдөн Тоң суусунун оң куймасы – Корумду суусу башталат.