ИСЛАМОВ Юрий Верикович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:07, 14 Май (Бугу) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) (Турганбаев Элебай moved page ИСЛАМОВ to ИСЛАМОВ Юрий Верикович) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСЛА́МОВ Юрий Верикович [05. 04. 1968, СССР, Кыргыз ССРи, Ош облусу, Ленин району, Арс­танбап айылы (азыр­кы Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району)] – 31. 10. 1987, Афганстан Демократиялык Республикасы, Забул провинциясы, Дури-Шахжой кыштагы (сөөгү

и

Россия Федерациясынын, Свердлов облусунда­гы, Талица шаарына коюлган] – жоокер-интернационалист, кенже сержант, Советтер Союзунун Баатыры (03. 03.1988). 5-класска чейин Мичурин атындагы мектеп­те (Арстанбаб айылы) оку­п, башталгыч мектепти аяктагандан кийин Свердлов облусунун Талица шаарындагы № 55 орто мектепте орто билим алган. 1985-жылы Урал токой-техникалык институтуна өтүп, 1986-жылы ноябрь айында Советтик Армиянын катары­на чакырылган. Афганстанда кызмат өтөп, 1987-жылы май айынан октябрь айына чейин 11 жолку жүрүшкө катышкан. Буктурмага кабылган жолдошторунун кутулуп кетишине шарт түзүп, акыркы огу калганча аты­шып, курчап алган душмандарды өзү менен кошо жок кылган. Өлгөндөн кийин Алтын жылдыз (№ 11570) жана Ленин ордени, ошондой эле «Каармандыгы үчүн» медалы менен сыйланган. Анын ысмы Артанбап айындагы № 34 мектепке берилип, Талица шаарына эстелиги тургузулган.

Ад.: Север А., Колпакиди А. «Спецназ ГРУ»: самая полная энциклопедия М., 2008.