КОЛОТ 1
КОЛОТ – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Акман айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 690 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 13 км түштүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 25 км. Кыштак 1910-жылы негизделген. Калкы 4607 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, мечит бар. Соода түйүндөрү, мончо иштейт.