КОЛОРАДО (Түндүк Америкадагы бөксө тоо)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:55, 19 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КОЛОРАДО to КОЛОРАДО (Түндүк Америкадагы бөксө тоо)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛОРА́ДО – Түндүк Америка Кордильерасынын ички тилкесиндеги плато, АКШнын түштүк-баты­шында. Түндүк-батышынан Чоң Бассейн, чыгыш ж-а түндүк-чыгышынан аскалуу тоолор, түштү­гүнөн Мексика тайпак тоосунун ички аймакта­ры м-н чектешет. Аянты 300 миң км2. Басым­дуу бийиктиги 1800–2500 м, эң бийик жери – Хам­фрис-Пик тоосу (3861 м). Колорадо кембрийге чейинки кристаллдык тектерден түзүлүп, үстүн палеозой­дон палеогенге чейинки калың чөкмө тектер каптап жатат. Дарыя каньондору (шаңшаарлар) м-н тилмеленген (Колорадо дарыясындагы Чоң Кань­он ж. б.). Кайнозойдогу көтөрүлүүдөн вулканизм процесси жүрүп, дарыялар тоолорду жемире баш­таган (Колорадо дарыясындагы Чоң Каньондун пайда болушу). Колорадонун айрым жерлери супа сымал тү­зүлүштө, капталдары тик. Климаты субтропик­тик, континенттик, кургак; жылдык жаан-чачы­ны 200–500 мм. Талаа ж-а чөл өсүмдүктөрү (сук­куленттер кошо) басымдуу. Колорадонун түштүгүндө «түрдүү түстөгү» чөлдүү аймак жайгашкан; ан­дагы үбөлөнүүдөн пайда болгон өтө ачык түстөгү (ак, кызыл, сары, кызгыл сары) тоо тектер ж-а эол процесстери рельефтин өзгөчө (көпүрө, үңкүр, дарбаза сымал) формаларын пайда кылат. Уран-ванадий кендүү ири аймак; ошондой эле полиме­талл кенташтары ж-а алтын кендери бар.