КОКОН ХАНДЫГЫ
КОКОН ХАНДЫГЫ – 18–19-кылымдардагы Орто Азиядагы ири мамлекет. Болжол м-н 1709–10-жылы калыптанып, 1876-жылы жоюлган. Алгач Фергана өрөөнүндөгү Дыйкан-Тоо деген жерди Ашыраалы бий башында турган миң уругу ээлеген. Кийин баласы Шахрух Эски-Коргон, Чамаш, Чадак, Партак ж. б. кыштактарды өз ээлигине кошуп, Шахрух ибн Чамаш бий аталык деген ысым алган. 1721–22-жылдарда анын уулу Абд ар-Рахим Кокон вилайетин бийлеп, инилери – Абдыкеримге (Абд ар-Карим) Хожентти, Шадыга Маргалаңды башкарткан. Абд ар-Рахимдин тушунда Жаңы-Коргон кыштагы негизделип, кийин Кокон шаары деп аталат. Ушул жерге хандыктын байтак-


тысы биротоло жайгашып, тарыхта ал Кокон хандыгы деген ат м-н калган. Алим хандын (1798–1809) тушунда Кокон хандарынын теги Тимурдун ту-

куму Бабурдан тараган (Алтын-Бешик, Теңир- Жар) деген генеологиялык уламыш калыптанган (к. Миң династиясы). Бирок мындай көз караш азырынча илимий деңгээлде далилдене элек. Кокон хандыгынын түптөлүшүнө жалаң эле миңдер эмес, негизинен кыргыз, кыпчак, сарт, жүз сыяктуу уруулар олуттуу роль ойноп, саясий тарыхында Ферганадагы отурукташкан ж-а көчмөн калктын ортосунда тынымсыз күрөш жүрүп келген. Анын негизинде отурукташкан уруулар м-н катар эле кыргыздар да саясий бийликке ээ болуп турган. Кокон хандыгынын тарыхы түптөнүү, гүлдөө, кыйроо дооруна бөлүнөт. Түптөнүү доорунда калмактан сүрүлүп, Анжиянга келген кыргыздардын (к. Жуңгар хандыгы, Кыргыз-калмак согуштары) тийгизген таасири абдан күчтүү болгон. Алардын аркасы м-н алгач Маргалаң, Хожент, анан Анжиян, Наманган вилайети түзүлгөн. Кокон хандыгынын күчөп баратканын көргөн калмактар 1734-,1745–48-жылдарда Фергана өрөөнүнө бир нече жолу жортуул жасап, Кокон шаарын камоого алышкан. Ошол мезгилде кокон-кыргыз согуштук өнөктөштүгү түзүлүп, жардам берүү үчүн Касан шаарынын чыгышында жашаган кыргыздын миң түтүнү көчүп барган. Алар Кокон бийи Абдыкерим, Оро- Төбөнүн акими Фазыл бийлер м-н бирдикте калмактарды Ферганадан сүрүп чыгышкан. Бирок жуңгарлардын кийлигишүүсү м-н такка Баба бий отуруп (1750), кыска убакыт аларга көз каранды болуп калган. Жуңгар хандыгы талкалангандан кийин же Эрдене бийдин экинчи жолу такка отурушунан (1752–69) баштап Кокон хандыгы акырындап кубаттуу мамлекетке айлана баштаган. Бул учурда кыргыз м-н казактар калмактан бошогон өзүлөрүнүн чыгыш жактагы мурунку конуштарына көчө баштап (к. Кыргыздардын Чүйгө келиши), Кокон хандыгынын ээлигинин кеңейишине кошумча, ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Натыйжада тышкы саясаты агрессиялуу мүнөзгө ээ болуп, Кубат бий өлтүрүлгөн. Ушул мезгилдерде казак султаны Абылай да Эрденеге каршы бир нече жолу жортуул уюштурган. 1760-жылы кокондуктар Ош шаарынын айланасындагы адигине уругуна тиешелүү эгин талааларын талкаласа, 1761-жылы Ажы бий, Маматкул бий м-н Арзымат башындагы кыргыздар Эрденени чаап алуу үчүн кол топтогон. Бирок Цин империясынын кийлигишүүсү м-н эки тарап жарашууга аргасыз болушат. 1762-жылы Кытай императоруна жиберген катында Эрдене өзүн хан деп атап, Кашкар тоолорун эки өлкөнү бөлгөн чек ара деп санаган. Нарбото бийдин (1770–98) тушунда ички абалга көбүрөөк көңүл бөлүнүп, Кокон хандыгынын калыптанышы аяктаган. 1798-жылы Төрө-Коргондо бек болуп турган Ажы бий (Абдырахмандын уулу) агасы Нарботого каршы козголоң уюштурат. Бирок ою ишке ашпай, адегенде Чаткалдагы кыргыздарга баш калкалап, анан Ташкенттеги Жунус кожонун алдына качып барган. Улуу уулу Улугбек кокусунан каза болсо, Ажы бийдин өзү 1801–02-жылы Алим хан тарабынан өлтүрүлүп, 2-уулу Шераалы таластык кыргыздардын колунда (кээ бир маалыматта Ажыбай датка, башка кабарларда Базар баатырдыкында) чоңойгон. Кокон хандыгынын түптөнүү доорунда түштүк кыргыз уруулары Кокон хандыгы м-н тыгыз саясий алакада турушса, аркалык (түндүк) кыргыздар этностук саясий, салт-санаа, руханий байланышын үзүшкөн эмес. Алим хандын такка олтурушу м-н Кокон хандыгынын гүлдөө доору башталат. Анын тушунда Фергана өрөөнү биротоло Кокон хандыгына бириккен ж-а ички саясатынын орчундуусу аскер реформасы болуп, мылтык, замбирек м-н куралданган 10 миңдей туруктуу атчан аскер түзүлгөн.
Омор хандын (1809–22) тушунда басып алуу саясаты дагы уланган. 1816-жылы Түркстан шаары, Сыр-Дарыянын төмөнкү агымы, Кетмен-Төбө өрөөнү, 1830-жылы Фергана өрөөнү толук, Памирдин кыйла бөлүгү, Тоолуу Бадахшан, Жызак, Ташкент, Түштүк Казакстан, Кыргызстандын бардык аймагы, Кашкар ойдуңунун бир бөлүгү Кокон хандыгына караган. Жаңы шаарлар түптөлүп, экономикасы жөнгө салынып, казына байыган ж-а ири сугат курулуштары курулган. 1832-ж. Кокон–Пекин келишими тышкы саясатындагы чоң ийгиликтин бири болгон. Мадалы хандын (1822–42) тушунда Кокон хандыгынын начарлашына өбөлгө түзүлүп, жергиликтүү уруу төбөлдөрү топ-топторго бөлүнүп, өз ара күрөш жүргүзө баштаган. Ушундай абалдан улам Букардын эмири Насрулла 1842-жылы Мадалыны ж-а анын бир туугандарын өлтүрүп, Фергана чөлкөмүн ээлеген. Бирок ал Кокон бийлигин көпкө кармай алган эмес. Бул мезгилде кыргыздар кайрадан саясий күчкө ээ болуп, түштүк жактагы кыргыз бийлеринин таасири өзгөчө күч алган (к. Нүзүп бий). Шераалы такка отуруп (1842–44/45), Нүзүп миң башы аталык наамын алышы м-н Кокон хандыгынын кыйроо доору башталат. Кудаяр хандын 1-, 2-, 3-хандыгы ж-а Мала хандын учурунда кыргыз, кыпчак ж. б. кландардын бийлик үчүн атаандашуусу күчөп (к. Алымбек датка, Алымкул аталык, Йакуб бек, Курманжан датка, Мусулманкул), көптөгөн көтөрүлүш [(1873–75), к. Искактын көтөрүлүшү, Кокон көтөрүлүштөрү, Кыпчак кыргыны], төңкөрүштөр болгон. Учурдан пайдаланып, аркалык кыргыздар да Кокон хандыгынын бийлигинен бошонууга аракет жасай башташкан (к. Жантай хан, Ормон хан). Чүй өрөөнү падышалык Россияга каратыла баштаган мезгилде (к. Кыргызстандын Россияга каратылышы) Кокон хандыгынын ички абалы өтө начарлаган. Ошого карабастан, ал орус баскынчылыгын токтотууга катуу аракет жасаган (к. Канаат шаа, Узун-Агач салгылашуусу). Орус генералы М. Черняевдин жетекчилиги алдында 1864-жылы Чымкент, 1865-жылы Ниязбек чеби алынып, 1866-жылы Хожент, Оро-Төбө, Жызак ж. б. орус бийлигине каратылышы м-н Кокон хандыгынын ээлиги негизинен Фергана өрөөнүн гана камтып калган. 1867-жылы Ташкент шаары Түркстан генерал-губернаторлугунун борборуна айланып, 1868-жылы К. П. Кауфман м-н соода келишимине кол коюлган. Россия империясы 1875-жылы Фергана өрөөнүн караткан. 1876-жылы 19-февралда Кокон хандыгы жоюлуп, анын ордуна Түркстан генерал-губернаторлугуна караган Фергана облусу түзүлгөн.
Ад.: Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886; Терентьев М. А. История завоевания Средней Азии. Т. 1. СПб., 1906; Джамгирчинов Б. Очерк политической истории Киргизии XIX века. Ф., 1966; Набиев Р. Н. Из истории Кокандского ханства (феодальное хозяйство Худояр хана). Таш., 1973; Плоских В. М. Киргизы и Кокандское ханство. Ф., 1977; Бейсембиев Т. К. «Тарих-и Шахрухи» как исторический источник. А.-А., 1987; Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы. Б., 1997; oшонуку эле. Кокон хандыгы жана кыргыздар. Ош, 1997; Сапаралиев Д. Б. Этнополитическая история г. Оша и его окрестностей с XVIII до середины XIX в. Б., 1999; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 2. Б., 2000; Хасанов А. Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.; М., 2004; Зиявуддин Максым (Магзуми). Фергана хандарынын тарыхы. Б., 2007.
С. Наркеев.