КОЙ-ТАШ (Аламүдүн районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:26, 16 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КОЙ-ТАШ to КОЙ-ТАШ (Аламүдүн районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЙ-ТАШ – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Таш-Мойнок айыл округуна караштуу. Аламүдүн суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 700 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыштагынан 19 км түштүк-батыш тарап­та. Аламүдүн темир жол бекетинен 16 км. Кыштак 1927-жылы негизделген. Калкы 2583 (2022); негизи­нен дыйканчылыкта эмгектенет, мал багышат. Орто ж-а интернат-мектеп, китепкана, клуб ж. б. бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бө­лүмдөрү, ФАП иштейт. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баа­тыры Ж. Мундузбаева, КРдин эл артисти Н. Кы­таев туулган.