КОЗУЧАК 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:14, 16 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЗУЧАК – Талас районундагы кыштак. Беш-Таш айыл округуна караштуу. Беш-Таш капчыга­йынын оозунда, Беш-Таш суусунун боюнда, де­ңиз деңгээлинен 2000 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Көк-Ой кыштагынан 8 км түштүк тарап­та. Жамбыл темир жол бекетинен (Казакстан) 195 км. Кыштак 1932-жылы негизделген. Калкы 1796 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Соода тү­йүндөрү, ФАП иштейт.