КОЖОМКУЛ Каба уулу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:39, 16 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КОЖОМКУЛ 1 to КОЖОМКУЛ Каба уулу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖОМКУЛ Каба уулу (1888, Суусамыр өрөө­нү – 1955, ошол эле жер) – кыргыз элинин алп балбаны; Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга ж-а чыңдоого активдүү катышкан.

1925–30-жылдарда Суусамыр кедейлер комитетинин төрагасы, Кара-Бал­та райондук жер бөлүмүнүн башчысы, 1930–42-жылдарда Жумгал районундагы Баш- Кууганды, Кайырма, Көкө­мерен (Суусамыр) айыл ке­ңештеринин төрагасы, 8-март колхозунда ферма башчысы болуп иштеген. 1942–49-жылдарда Сокулук районундагы «Побе­да» колхозунун кой ферма­сын башкарган. 47 жашын­да салмагы 164 кг, боюнун узундугу 1 м 97 см (башка маалымат боюнча салмагы 203 кг, бою 2 м 36 см) болуп, 52-өлчөмдөгү өтүк кийген. Колунун манжала­рынын узундугу 26 смге чейин, баш бармагынын жоондугу – 6 см, далысы – 76 см болгон. Ал балбандыгын ата-энесинен мурас катары алган. Атасы Кошуке уулу Каба (1827–1906) кара күчкө эгедер, эл оозуна алынган адам болгон. Энеси Алмадай эр сайышка түшүп жүргөн. Кожомкулдун күчтүүлүгү бала чагында эле байкалган; 15 жа­шында күрөшкө түшүп, 45 жаштагы дасыккан балбанды жыккан. Казак балбаны Балбан Чо­локту (Балуан Шолакты) жыккандан кийин, атагы казак элине да кеңири тараган. Анын балбандыгы жөнүндө эл оозунда көп аңыз айтылат. Күчкө толуп турган убагында салмагы 400 кг чамалуу өгүздү жаракадан сууруп алган. 22 жа­шында Суусамыр өрөөнүнүн Арамза төрүндө сал­магы 635 кг ташты 100 мдей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч м-н уруп киргизген («Кожом­кулдун ташы»). Чүйдөн Суусамырга бараткан­да баспай калган атын көтөрүп, Төө-Ашуудан ашкан. Сом темирди ийип, ат таканы бир колу м-н кысып сындырган. Эмгек Кызыл Туу орде­ни м-н сыйланган. 1962-жылы Кожомкулдун урматына Кыргызстан күрөш федерациясы эркин күрөш боюнча байге белгилеген. Бул байге үчүн мелдеш Бишкекте жыл сайын өтүп келет. 1968-жыл­дан республиканын ачык биринчилиги өткөрүлүп, 1975-жылы Бүткүл союздук мелдештин статусун алган. Ысмы Суусамырдагы айылга (музейи да ачылып), Бишкектеги спорт сарайына (1993) бе­рилип, айкели орнотулган. «Каба уулу Кожом­кул» аттуу даректүү фильм тартылган (1990).


Ад.: Байман Ф. Е., Никулин В. П. Кожомкул – ле­гендарный баатыр кыргызов. Б., 1996; Эсенгулов Ш. Кожомкул, Б., 2003; Койчуманова Ч. У., Сапарбеко­ва А. А. Кожомкул тарыхый инсан. Б., 2007.

С. Төралиев.