КОЖОМКУЛ (Жайыл районундагы кыштак)
КОЖОМКУЛ (1982-жылга чейин С е г и з и н ч и М а р т) – Чүй облусунун Жайыл районундагы кыштак. Кожомкул айыл округуна караштуу. Көкөмерен суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2069 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кара-Балта шаарынан 120 км түндүк-чыгыш тарапта. Кыштак 1938-жылы негизделген. Калкы 1285 (2022); негизинен мал багышат. Орто мектеп, китепкана, клуб, амбулатория бар. Соода түйүндөрү иштейт. Кыштак кыргыз балбаны Каба уулу Кожомкулдун ысмынан аталган. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры К. Төкөлдөшев туулган.