КОБЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́БЕ – Япониядагы шаар. Хиого префектура­сынын административдик борбору. Хонсю аралынын түштүк-баты­шында, Осака кысыгынын жээгинде, бир топ бөлүгү калдыктардан пайда болгон Порт-Айленд (1966–81, аянты 826 га; шаар м-н «Минатодзи­ма» суу астындагы тоннели ж-а эки ярустуу көпүрө аркылуу байланышат) ж-а Рокко (1992,

Икута храмы. 3-кылым

595 га) аралында жайгашкан. Калкы 1,5 млн (2021).
Өлкөнүн маанилүү жолдор тоому. Кобеде «Мей­син», «Хансин», «Санъё», «Тюгоку», Кобе – Авад­зи – Наруто жогорку ылдамдык автострадала­ры өтөт. Акаси кысыгы аркылуу өткөн автомо­биль асма көпүрөсү (1998; узундугу 3,9 км, таянычы­нын бийиктиги 298 м, дүйнөдөгү эң бийик ж-а узун) аркылуу Авадзи аралы м-н байланышат. Порт ар­кылуу жылына 95,5 млн т жүк ташылат (2006, өлкөнүн сырткы соодасынын 1/3 и). «Токайдо» темир жол магистралынын (Кобе – Токио) батышта­гы акыркы пункту. Шаардагы темир жол тармактары толугу м-н автоматташтырылган (1981; дүй­нөдө биринчи жолу). Кобенин жайгашкан жерин­де эл байыртадан эле отурукташкан. 1889-жыл­дан шаар статусуна ээ. 1907-жылдан порт. Госи­кидзука кофун-коргону (4-кылымдын аягы – 5-кылымдын башы), храм комплекстери (анын ичинде Икута синтоист храмы, 3-кылымдын башы), Хакоги-Сенненя ба­йыркы чарбагы ж. б. сакталган. Кобеде 100дөн ашык эл аралык корпорациялардын өкүлчүлүк­төрү, Япониядагы ири ишканалар м-н компа­ниялардын штаб-квартиралары жайгашкан. Кеме куруу, металлургия, машина куруу, аскер, химия, нефть-химия, текстиль өнөр жай ишканалары иштейт. Кондитер азыктар өндүрүшү (1931-жылы орус ишкери В. Ф. Морозов тарабынан негиз­делген) өнүккөн. Япониядагы илим, билимдин башкы борбору. Университеттер (анын ичинде мамлекеттик эмес­тер да бар), ИИИлер, китепканалар, музейлер (анын ичинде сүрөт ж. б.) бар. Туризм өнүккөн. Кобе 1995- жылкы жер титирөөдө кыйрап, 2005-жылы толу­гу м-н кайрадан курулган.