АЛЫМКОЖОЕВ Асанбек Тунгучпаевич
АЛЫМКОЖОЕВ Асанбек Тунгучпаевич [11. 04. 1956, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе (азыркы Чүй) облусу, Кызыл-Аскер (азыркы Сокулук) району, Сарбан айылы] – генерал-майор (2004). 1977–1979-жылдары Казак ССРинде чалгынчылар взводунун командири, 1979–1981-жылдары Афганстанда чалгынчылар ротасынын командири, чалгынчылар полкунун начальниги, 1981–1982-жылдары РСФСРдагы Калинин (азыркы Тверь) шаарында чалгычылар полкунун начальниги болуп кызмат өтөгөн. Алматы командалык жогорку аскер окуу жайын (1977), М. В. Фрунзе атындагы аскердик академияны (1985), офицерлердин борбордук курсун (1989), Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскердик академиясын (2003) бүтүргөн.

1985–1992-жылдары чалгынчылардын Башкы башкармалагынын (Рязань шаары) атайын күчтөр бригадасынын штабынын начальнигинин орун басары, начальниги. 1992–1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин алдындагы атайын күчтөрдүн отрядынын командири. 1999–2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы чек араларды коргоо Башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары. 2000-жылы Баткен окуяларына атайын күчтөрдүн отрядынын командири катары катышкан. 2001-жылдан Токмок шаарындагы атайын күчтөр бригадасынын командири. 2003–2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Түштүк аскер тобунун командачысы. 2006–2009-жылдары КРдин Улуттук Гвардиясынын командачысы, 2009–2010-жылдары КРдин Баткен облустук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары, 2013–2014-жылдары КР Коргоо министрлигинин алдындагы Улуттук гвардиянын командачысы, 2014–2015-жылдары Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги болуп иштеген. Кызыл Жылдыз (1981), 2- (1999) жана 3-даражадагы (2000) Манас ордендери менен сыйланган.