АЛЫМБЕКОВ Бактыбек Маданбекович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:52, 12 Март (Жалган куран) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЫМБЕКОВ Бактыбек Маданбекович [21. 07. 1963, СССР, Кыргыз ССРи, Ош (азыркы Жалал-Абад) облусу, Ленин (азыркы Ноокен) району, Ленин-Жол (азыркы Масы) айылы] – милициянын генерал-майору (2009), юридика илимдеринин доктору, 2 класстагы мамлекеттик кеңешчи. СССР Ички Иштер министрлигинин алыдндагы Караганды жогорку мектебин (1984), Москва шаарындагы Коопсуздук, коргоо жана укук коргоо академиясын (2007) бүтүргөн.


м


1984–1985-жылдарда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүндө ыкчам өкүл, 1985–1989-жылдарда бөлүм начальнигинин орун басары, 1989–1990-жылдарда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүндө ыкчам өкүл, 1990–1991-жылдары 6-бөлүмдүн улук ыкчам өкүлү, 1991–1992-жылдары Жаңы-Жол райондук ички иштер бөлүмүндө начальниктин орун басары, 1992–1996-жылдары Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүндө начальник, 1996–1998-жылдары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүндө начальник, 1998–2000-жылдары Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында начальниктин орун басары, 2002-жылдан начальниги, 2003–2008-жылдары Ысык-Көл, 2008–2010-жылдары Баткен облустук ички иштер башкармалыктарында начальник, 2010–2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министринин биринчи орун басары, министрдин милдетин аткаруучу, 2012–2014-жылдары Чүй облустук ички иштер башкармалыгында начальник, 2014–2019-жылдары Кыргызстан эл аралык университетинде «Дипломатия жана эл аралык укук» кафедрасынын доценти, 2019-жылдан кафедра башчысы. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (2000–2012). Медалдар менен сыйланган.