Бириккен Араб Эмирликтеринин тарыхына кошумча.

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:16, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

1990–91-жылдары Кувейт кризиси мезгилинде БАЭ Ирак менен дипл. мамилесин үзүп, (1998-ж. калыбына келтирилген), АКШ башында турган Иракка каршы коалицияга катышып, Кувейт бошотулгандан кийин Иракка байланыштуу санкцияларды колдогон. 2003-ж. Иракка каршы эл аралык коалициянын иш-аракетинин жүрүшүндө БАЭ бейтараптуулугун сактап (бирок коалициялык күчтөрдү жайгаштыруу үчүн өз аймагын берген), коалиция аяктагандан кийин Ирактын жаңы өкмөтүнө олуттуу финансылык жана гуманитардык жардам көрсөткөн. 1970-жылдардын аягынан БАЭ ар кандай афган моджахеддер топторун колдоп, 1997-ж. Пакистан жана Сауд Арабиясы менен бирге талибан режимин тааныган. 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорк жана Вашингтондо болгон террордук чабуулдардан кийин БАЭ өкмөтү Талибан кыймылы менен байланышын үзгөн. 2011-ж. БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрү Катардын аскер бөлүктөрү менен бирге Ливиядагы жарандык согушка катышкан. БАЭ салттуу түрдө Палестина кыймылын колдойт, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын Израилдин так аткарышын жактайт. БАЭнин коргонуу саясатынын негизги багыты АКШ ж. б. батыш өлкөлөрү менен союздаштык мамилелерди чыңдоого багытталган. Эмираттардын аймагында АКШ, Франция жана Улуу Британиянын бир катар деңиз жана аба базалары жайгашкан.