КИЧИ ЖАРГЫЛЧАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:46, 9 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ ЖАРГЫЛЧАК – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Жаргылчак айыл округуна караштуу. Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, Кичи Жаргылчак суусунун сол өйүзүндө, Бишкек – Каракол автомобиль жолу­нун боюнда, деңиз деңгээлинен 1649 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 31 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекети­нен 160 км. Калкы 4198 (2022); негизинен мал м-н алектенет ж-а карагат теришет. Орто мек­теп, китепкана, бала бакча, маданият үйү ж. б. бар.