БАБАКУЛОВ Манасбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:51, 4 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАБАКУЛОВ Манасбек (1950-жылы туулган, Өзбекстан, Наманган облусу, Кызыл-Рават айылы) – паразитология боюнча адис, ветеринария илимдеринин доктору (2005). КАЧИни (1976), Москвадагы К. И. Скрябин атындагы ветеринария академиясынын аспирантурасын (1982) бүтүргөн. Малды асылдандыруу станциясынын директору (1980-1985), Жалал-Абад зооветеринардык техникумунун директору (1985–1993) болуп иштеген. 1993-жылдан ЖАМУнун окуу инспекциялык башкармалыгынын башчысы. Ал 40тан ашык илимий эмгектин жана окуу китептин автору.

Эмг.: Паразитология жана айыл чарба малдарынын инвазиялуу ылаңдары: :учебник для вузов. – Джалал-Абад, 2000.–174с. Анитигельминттүү активдүүлүктүн көрсөтүүчү N-(-D-галактопиранозилкарбамид) диэтилендиамин//патент № 573 КР.2003, (в соавт.).