БААНЫ ДИФФЕРЕНЦИАЦИЯЛОО
БААНЫ ДИФФЕРЕНЦИАЦИЯЛОО– бирдей продукцияга ар кыл баа ченин коюу. Мында ишканага тиешесиз экономикалык, табигый, аймак шартына байланыштуу продукция чыгаруу, сатуу чыгымынын түрдүүлүгү, продукциянын сапаты эске алынат. Бааны дифференциациялоо ишканалардын киреше деӊгээлин теӊдемелейт, бул көбүнчө даярдоо ишканаларына (жыгач даярдоо жана башка), ошондой эле бир катар иштетүүчү тармактарга (ун тартуу, пахта тазалоо жана башкалар) тиешелүү.