КИНДИА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:47, 2 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́НДИА – Гвинеянын түштүк-батышындагы ири шаар. Киндиа префектурасынын административдик борбору. Калкы 228 миң (2013). Шаар 1904-жылы француз­дар тарабынан Киндиа – Конакри темир жолунун курулу­шуна байланыштуу негизделген. Француздук Батыш Африканын, 1958-жылдан көз каранды эмес Гвинеянын курамына кирген. Колдонмо биология ж-а Пастер институттары (1948), агроно­мия изилдөө борбору, Микробиология ж-а вирусология илимий лабораториясы ж. б. бар. Киндиа айыл чарба продуктуларынын (дан эгиндери, жемиш, мал) ири соода борбору. Тамак-аш (жемиш консервалары ж-а ширеле­ри) өнөр жай ишканалары иштейт. Жыгач иште­тилет.