БАЗИЛИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:12, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (5), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

(гр. basilike ‒ падыша үйү) ‒ ичи колонна же катар түркүктөр менен узун бөлүктөргө (нефтерге) бөлүнгөн тик бурчтуу пландагы имарат. Бул нефтер чоӊ аралыкты тосконго ыӊгайлуу болгон; ортоӊку неф (эреже катары капталдагылардан бийик жана кеӊири) каптал бөлүктөрдөгү терезелер аркылуу жарык кылынган жана апсида менен бүткөн. Б-га кире бериш жерде туурасынан кеткен эшик асты ‒ нартекс жайгашкан. Эӊ алгачкы Б. б. з. ч. 210-ж. Деллос аралында курулган. Рим ш-нда Б. сот жана соода залы болуп кызмат кылган. Христиан дининин бекемделиши менен Б. храмдардын негизги типтеринин бири болуп калган, ал эми борбору

Файл:БАЗИЛИКА117.png
Римдеги Сан Паоло фуори ле мура базиликасы. Клуатра галереясы.

неф, апсида ‒ чыгыш жактагы алтарь менен бүткөн. Эӊ ири алгачкы христиандык Б-лар бай мозаика менен кооздолгон жана 4-6-к-да Рим, Равенна, Константинополь, Сирия ж. б-да курулган.