БАЗАРКАНОВ Көчкүмбай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗАРКАНОВ Көчкүмбай (1924, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Дархан айылы—2001, Бишкек) ‒ экономист, экономика илимдеринин доктору (1985), профессор (1987). КМУнун тарых факультетин (1952), Кыргыз CCР ИАсынын экономика институтунун аспирантурасын (1967) бүтүргөн. Кыргыз аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн, Ош шаардык аскер комиссариатынын начальниги, илимий кызматкер, колхоздун председатели, КМУнун окутуучусу, доцент, профессор. 1995-жылдан илимий консультант. Cаясий экономика боюнча адис. 20дан ашуун илимий иштери жарык көргөн. Ата Мекендик Согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Эмг.: Воспроизводства капитала и экономические кризиси. Ф., 1990; Специализация и концентрация сельскохозяйственного производства объективная необходимость в развитии сельского хозяйства. Ф., 1996.