БАЗАР-БАШЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗАР-БАШЫ ‒ Баткен районундагы кыштак. Кара-Булак айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Баткен шаарынан 2 км түндүк тарапта. Исфара темир жол бекетинен (Тажикстан) 20 км. Деӊиз деӊгээлинен 996 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 4193 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, бала бакча, ашкана, наавайкана бар.