БАЖЫ УКУГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:56, 5 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЖЫ УКУГУ ‒ эл аралык укук мамилелеринин принциптерине негизделип, мамлекеттин чек арасы аркылуу жүктөрдү, документтерди жана транспорт каражаттарын алып өтүү, аларды контролдоп-текшерүү, товар ташуунун режимдерин, эрежелерин, өлчөмдөрүн, объектилерин жана субъектилерин, чек ара чыгымдарын, андан бошотуу же жеӊилдетүү жолдорун жана башка маселелерди жөнгө салуучу укук тармагы. Бажы укугу административдик, финансылык, налогдук, банктык, кылмыш-жаза, эмгек жана башкалар укук тармактары менен айкалышып аракеттенет. Бажы укугунун негизги булактары ‒ эл аралык соода-сатык уюмдарынын конвенциялары, эл аралык соода-сатык эконономикалык келишимдер, Бажы кодекси, мамлекеттин жогорку мыйзам чыгаруу жана аткаруучу органдарынын бажыга тиешелүү актылары эсептелет.
М. Керимбаев.