БАЖЫ УКУГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:08, 10 Март (Жалган куран) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 ‒ эл аралык укук мамилелери нин принциптерине негизделип, мамлекеттин чек арасы аркылуу жүктөрдү, документтерди ж-а транспорт каражаттарын алып өтүү, аларды контролдоп-текшерүү, товар ташуунун режимдерин, эрежелерин, өлчөмдөрүн, объектиле рин ж-а субъектилерин, чек ара чыгымдарын, андан бошотуу же жеӊилдетүү жолдорун ж. б. маселелерди жөнгө салуучу укук тармагы. Б. у. адм., финансылык, налогдук, банктык, кылмыш-жаза, эмгек ж. б. укук тармактары м-н айкалышып аракеттенет. Б. у-нун негизги булактары ‒ эл аралык соода-сатык уюмдарынын конвенциялары, эл аралык соода-сатык экон. келишимдер, Бажы кодекси, мамлекеттин жогорку мыйзам чыгаруу ж-а аткаруучу органдарынын бажыга тиешелүү актылары эсептелет.

М. Керимбаев.