БАЖЫ АЛЫМЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:05, 26 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЖЫ АЛЫМЫ-өлкөнүн чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлардан, мүлктөн, баалуулуктардан алынуучу мамлекеттик акча жыйымы. Бажы алымын бажы мекемелери жыйнайт. 1947-ж. Тарифтер жана соода тууралуу генералдык макулдашуу түзүлгөн. Анда бажы тарифин төмөндөтүү максаты коюлган. Европа экономикалык союзунун (ЕЭС) катышуучулары өз ара соодадагы Бажы алымын алып салышкан ж. б. өлкөлөргө карата бирдиктүү бажы тарифин белгилешкен. Бажы алымы импорттолуучу товарлардын баасын жогорулатуу менен мамлекетке ички рынокту коргоого, товарлардын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн чектөөгө, импорттун көлөмүн жана структурасын жөнгө салууга мүмкүндүк берет.