БАЕТОВ Батыркул Исаевич
БАЕТОВ Батыркул Исаевич (1954-жылы туулган, Талас облусу, Кара-Буура району, Ак-Жар кыштагы) – экономика илимдеринин доктору (2012). 1978-жылы ФПИни бүтүргөн. Эмгек жолун ФПИде окутуучу болуп баштаган. Кыргыз Республикасынын туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча комитеттин төрагасынын биринчи орун басары. Кыргыз Республикасынын президентинин электрэнергетика коопсуздугу боюнча секретариаттын атайын өкүлүнүн орун басары, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрлигинде статс-секретар. Баетов 72 илимий эмгек, 3 монография, 1 окуу китебинин автору.