БАДИГИН Михаил Петрович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:10, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Михаил Петрович (21. 10. 1923, Ульяновск обл., Новоспасский р-ну, Суруловка кыш. ‒ 5. 1. 2000, Россия, Зеленоград) ‒ Даӊк орденинин толук кавалери. 1942-ж. Сов. Армияга Ош обл-нун Кара-Суу р-нунан чакырылган. 1942‒45-ж. Улуу Ата Мекендик согушка катышып, фронтто артиллерист болгон. 1944-ж. Магрушев плацдармы үчүн салгылашуудагы эрдиги үчүн 3-даражадагы Даӊк ордени, 1945-ж. душмандын Берлинге кире беришинде коргонуусун бузуп өткөндөгү каармандыгы

Файл:БАДИГИН108.png

үчүн 2-даражадагы Даӊк ордени, Берлин үчүн салгылашта көрсөткөн эрдиги үчүн 1-даражадагы Даӊк орденинин ээси болгон. менен сыйланган. Согуштан кийин партиянын Ош обкомунда инструктор болуп иштеген. 1993-жылдан Зеленоград ш-нда жашаган. 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган. Ош ш-нда анын бюсту тургузулган. «Бой требует подвига». Москва, 1980. китебинин автору.