БАДАНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАДАНА ‒ жоокерлер кийүүчү ок өтпөс тон, зоот; баатырлардын сырт кийими. Эпостордо ок өтпөгөн бадана тон же кош бадана деп да берилет: «Жакасы алтын, жеӊи жез, кош бадана, торгой көз. Келеме жака, кеӊ күрмө, керишке тийсе ок өтпөс». Айрым учурда чыӊ бадана деп берилет: «Чыйырчык алтын, чымчык көз, чыӊ бадана торгой көз». Бадана ичке металл зымдан жасалган чынжырчалардан (диаметри 13‒16 мм) өрүлгөн зоот кийим экендиги жоромолдонот. Сак, сармат, байыркы түрк дооруна тиешелүү эстеликтерди казуу учурунда буюмдар менен кошо бадананын калдыктары да табылып, анын жеӊи чыканакка, этеги тизеге чейин жетип, эки капталы тилик, тик жакалуу жасалгандыгын айгинелейт.