БАДАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 3 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАДАЛДАР (frutex) ‒ түбүнөн бутактап өскөн көп жылдык жыгач өсүмдүктөр. Бийиктиги 0,8 мден 2‒3 мге жетип, сабагынын диаметри бири биринен анча айырмаланбайт. Каптал бутактарынын (жерден өнүп чыккан) көптүгү менен айырмаланып, негизги сөӊгөгү жаӊы чыккан бадалда гана жакшы байкалат. Сөӊгөгү 10‒20 (кээси 50) жыл, ал эми бир түп бадал жүздөгөн жылдар бою өсөт. Негизинен бардык алкактарда, субтропикте, тоолуу субальп алкактарда, Кыргызстанда да өсөт. Ал эволюциянын жүрүшүндө кургакчылыкка, төмөнкү температурага байыр алуунун негизинде дарактан келип чыккан. Б-га табылгы, ыргай, аса-муса, чие, бөрү карагат ж. б. кирет. Айрымдары чарбачылыкта, медицинада жана техникада колдонулса, кээ бири көчө бойлорун жашылдандыруу үчүн өстүрүлөт. Жаш сабагы, жалбырагы малга тоют, кээде курулушта пайдаланылат.

К. Т. Шалпыков .