БАГЫШ кыштагы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:33, 11 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Temirkan (Temirkan moved page БАГЫШ, кыштак to БАГЫШ кыштагы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАГЫШ ‒ Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Багыш айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Сузак кыштагынан 26 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 18 км. Деӊиз деӊгээлинен 940 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3 035 (2022); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.