БАГРАТИОНДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 4 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАГРАТИОНДОР‒ 9‒19-кылымдардагы грузин падышаларынын династиясы. Багратиондор Спери (Түркиядагы азыркы Испири) провинциясынан чыгышкан. 9-кылымдын 1-жарымында Ашот I Түштүк Грузияда күчтүү Тао-Кларжети княздыгын түзөт. Давид Строитель (1089‒1125), Георгий III (1156‒1184), Тамара (1184‒1213) Багратиондордун көрүнүктүү өкүлдөрү болушкан. 15-кылымдын аягында Грузия мамлекети кулагандан кийин, Багратиондор Картлий, Кахетин жана Имеретин падышачылыктарын башкарган. Багратиондордун падышалык бийлиги 1801-жылы Грузия Россиянын курамына кошулгандан кийин жоюлуп, анын бир бутагы орус княздарынын катарына кошулган. Багратиондордон Вахушти, Давид өӊдүү тарыхчылар, орус полководеци П. И. Багратион сыяктуу белгилүү адамдар чыккан.