БАГРАМЯН Иван Христофорович (Ованес Хачатурович)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:51, 4 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАГРАМИЯН Иван Христофорович (20.11(02. 12). 1897, Азербайжан, Шамкир району, Чардахлы кыштагы – 21. 09. 1982, Москва) – Советтер Союзунун Маршалы (1955), эки жолку Советтер Союзунун Баатыры (1944, 1977). М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясын (1934), Генштабдын аскер акедемиясын бүткөн. 1-дүйнөлүк жана Граждандык согуштун катышуучусу. 1934-жылы Атчандар дивизиясынын штаб начальниги. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Түштүк-Батыш фронтунда ыкчам бөлүмдүн, топтун, фронттун штаб начальниги. Москва салгылашында (1941 –1942), Курск салгылашында (1943) армиянын, 1943-жылы ноябрдан 1- Прибалтика фронтунун командачысы. Белорус операциясына (1944), Прибалтика операциясына (1944) жана Чыгыш-Пруссия операциясына (1955) катышкан. 1945–1955-жылдарда 3-Белорус фронтунун, АОнун командачысы, 1956–1958-жылдарда Генштабдын аскер академиясынын начальниги, 1958–1968-жылдарда СССР Коргоо Министринин орун басары – Куралдуу Күчтөрдүн ооругунун начальниги.