БАГЛАНОВА Роза

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:24, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Mariya (Mariya moved page БАГЛАНОВА to БАГЛАНОВА Роза) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАГЛАНОВА Роза (1. 1. 1922-ж. т., Кызыл-Ордо обл., Казалы ш.) ‒ ырчы (сопрано), Казак ССР эл арт. (1955), СССР эл арт. (1967). 1939‒41-ж. Кызыл-Ордо пед. ин-тунда окуган. Өнөр жолун Ташкент филармониясынын ыр-бий ансамблин де ырчы болуп баштаган. Ошол ансамбль менен Улуу Ата Мекендик согуш жылдары фронттогу жоокерлерди эрдикке шыктандырган ырларын тартуулап, 1945-ж. 9-майда Берлиндеги жеӊиш концерти не катышкан. 1947‒49-ж. Казак опера жана балет театрынын, 1949‒60-ж. Казак филармониясынын,

Файл:БАГЛАНОВА105.png

1960-жылдан Казак концерттин ырчысы. Б. казактын элдик жана композиторлордун ырларын, чет элдик (венгр, өзбек, кыргыз, тажик, украин, грузин, азербайжан, корей, кытай, орус, индия, моӊгол ж. б.) ырларды, эстрадалык чыгармаларды чебер аткарган. Ал 1946-ж. Москвада өткөн Бүткүл союздук эстрада ырчылары нын 2-конкурсунун, 1949-ж. Бухарестте өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар менен студенттердин фестивалынын лауреаты. Чет өлкөлөрдө (Польша, Германия, Бельгия, Венгрия, Австрия, Чехословакия ж. б.) гастролдо болгон. Комп. Э. Есбаев, Б. Байкадамов, Ш. Калдаяков, Б. Жамакаевдин ырларынын аткаруучусу. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу ордендери менен сыйланган.