БАГАМА АРАЛДАРЫ, архипелаг

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:54, 4 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАГАМА АРАЛДАРЫ ‒ Атлантика океанындагы архипелаг, Вест-Индияда. Флорида жарым аралынан түндүк-батыштан түштүк-чыгышка карай Куба жана Гаити аралдарына чейин 1500 км аралыкта созулуп жатат. Флоридадан Флорида кысыгы, Кубадан Эски Багама кысыгы аркылуу бөлүнөт. 700гө жакын аралдан, 2300дөн ашык шуру рифтеринен жана аскалардан турат. Эӊ ири аралдары: Андрос (4,1 миӊ км2), Чоӊ Абако (2 миӊ км2), Чоӊ Багама (1,1 миӊ км2). 20 аралында гана эл отурукташкан. Багама аралдарынын бири Сан-Сальвадор ‒ Х. Колумб Жаӊы Дүйнөдөн алгачкы ачкан (1492-жылы 12-октябрда) кургактык. Мында Багама аралдары мамлекети жайгашкан.