БАБАКУЛОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:45, 4 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАБАКУЛОВ Манасбек (1950-жылы туулган, Өзбекстан, Наманган облусу, Кызыл-Рават айылы) ‒ ветеринария илимдеринин доктору (2005). КАЧИни (1976), Москвадагы К. И. Скрябин атындагы ветеринария академиясынын аспирантурасын (1977‒1982) бүтүргөн. Малды асылдандыруу станциясынын (1980‒1985), Жалал-Абад зооветеринария техникумунун директору (1985‒1993) болуп иштеген. 1993-жылдан ЖАМУнун окуу инспекциялык башкармалыгын жетектейт. Паразитология боюнча адис. 40тан ашык илимий эмгектин жана окуу китептердин автору. Эмгектери кой чарбасындагы мите курт ылаӊдарына арналган.