АҢЧЫЛЫК АЙБАНАТТАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 3 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АҢЧЫЛЫК АЙБАНАТТАРЫ– кармап же атып алчу кайберен менен илбээсин. Алар этинен сырткары мамык жүн, мүйүз жана тери берет. Жашаган жерине жараша токой (токой чили, кара кур, керең кур жана башкалар), талаа же чөл (боз чил, бөдөнө, кыргоол, безбелдек, тоодак), саз (эчки маарак), суу (өрдөк, каз жана башка), тоо (улар, кекилик жана башка) илбээсиндерине, ошондой эле жашоо шартына жараша жергиликтүү жана келгин болуп айырмаланат. Аларга кайберендер (багыш, марал, тоо эчки, аркар-кулжа дагы ушундай сыяктуулар), коён, каман жана башкалар кирет. Аңчылык кылууга мамлеккеттик органдар белгилүү мөөнөткө уруксат берет. Кээ бир сейрек аңчылык айбанаттарына (ак куу, каркыра, тоодак, кыргоол жана башкалар) атууга же кармоого убактылуу тыюу салынып, аларды көбөйтүү максатында атайын коруктар уюштурулган (мисалы, Сары-Челек, Ысык-Көл жана башкалар). Илбээсиндердин эти даамдуу жана сиңимдүү. Терисинен булгаары, жаргак жана башкалар даярдалса, мүйүзү көркөмдөөдө жана көркөм буюм жасоо үчүн колдонулат, ал эми чаар бугу менен маралдын кемирчек мүйүзүнөн пантокрин дары заты алынат, кара. Куну айбанаттар.