АҢЧЫЛЫК
АҢЧЫЛЫК – эт, тери, май жана башкалар алуу максатында ар түрдүү куралдардын жардамы менен жапайы айбанат жана илбээсин уулоо. Аңчылык адамдын байыртадан эле жашоо-тиричилик булагы болуп келген. Алгачкы адамдар Аңчылыкка чогуу (топтошуп) чыгып, таш, таш балта, найза сымал курал пайдаланышкан. Тарыхта аңчылык ар бир элдин тиричилигинде ар түрдүү мааниге ээ болгон. Эл жашаган чөйрөгө, токойлорго жана жаныбарларга карата өнүккөн. Түндүк элдеринде биздин заманга чейин 1- миң жылдыкта эле деңиз жаныбарларына кайык менен, жээктен, муз үстүндө Аңчылык кылуу белгилүү. Тайга менен тундрада ит жана тутма курал менен Аңчылык таралган. Азиянын көчмөн элдерине атчан алгыр куш салуу мүнөздүү болгон. Индоненезия жана Түштүк Америкада үйлөмө куралдар, ал эми тропик токойлорунда жашаган элдер жаа жана найза колдонушкан. Кыргыздар башка түрк элдериндей эле илгертен мал чарбасы менен Аңчылыкты кесип кылып келген. Негизинен мылтык, аңчы ит (тайган, лайка жана башкалар), , алгыр куштардын жардамы менен Аңчылык кылынат, ошондой эле капкан, кылтак жана башкалар колдонулат. Аңчылык кылуунун көп ыкмалары бар. Аларга мылтык атып, из кууп аң уулоо; өңүткө туруу (мисалы, айбанат ийининин жанына, сууга келчү жолуна, түнөгүнө жана башкалар); айбанаттын ийинин казуу, түтөтүү же суу толтуруу; үн салып чакыруу (мисалы, үнүн тууроо); айдоо (мисалы, кайберенди өңүттөгү мергенчини көздөй) жана башка. Аңчылыкта тутма куралдар да пайдаланылат. Мындай куралдар, мисалы, капкан, тузак жана башкалар ийиндин оозуна, айбанаттар өтүүчү жолго, суу ичүүчү жерге жана башкада коюлат. Азыркы мезгилде Аңчылык шарттуу түрдө үчкө бөлүнөт. П р о м ы с е л д и к Аңчы л ы к – аңчылыктын негизин түзөт. Максаты – куну териси, кайберен эти менен өнөр жайды, калкты камсыз кылуу жана башкалар. С п о р т т у к Аңчылык - куну айбанат, кайберен, илбээсин кармоодон тышкары аңчынын ыкчамдыгын, чыйрактыгын жана башкасын арттырат, ошондой эле эс алууда да чоң мааниге ээ. И л и м и й Аңчылык промыселдик фаунаны, алардын ылаңдарын жана башка изилдөө үчүн илимий мекемелер тарабынан жүргүзүлөт. Азыркы Аңчылыктын өөрчүшү табиятты үнөмдүү пайдалануу жана табиятты коргоо маселелерине байланыштуу мамлекеттик, ошондой эле мамлекет аралык планда чечилет. Ошондой эле кара. Биотехния.