Абд ар-Рахим-хан

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:30, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата imported>Турганбаев Элебай тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБД АР-РАХИМ-ХАН (1560–1635) – Турпан жана Чалыш (кийинки Карашар) ханы (1596–1635), Абд ар-Рашид-хан Iнин уулу. 1591-жылы бир тууган агасы, Моголстандын ханы (1591–1610) Мухаммед-хан III ага алгач хандыктын батышындагы Вахан жана Сарыколду, 1592/3-жылы кайра чыгыштагы Турпан менен Чалышты берген. 1596-жылдан казак султандарына, кийинчерээк ойрот-калмак жайсаңдарына таянуу менен Моголстандан (Жаркент аймагы) бөлүнүп, өз алдынча бийлик жүргүзүү, ошондой эле Куча, Бай, Аксу каратуу үчүн 40 жылга жакын күрөшкөн. Уулу Абдылда (Абдаллах) хан (1638–1668) аталган аймак кайрадан Моголстанга бириктирилген.

Ад.: Шах-Махмуд ибн мирза Фазил Чурас. Хроника /Критический текст, перевод, комментарии, исследование и указатели О.Ф.Акимушкина. М., 1976.