АЯККАП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 ‒ идиш-аяк сактай турган, керегеге илип коюучу буюм. А. ооз жагы түз кесилген, төрт бурч формасында, байыркы мезгилде ку

лун м-н койдун терисинен, кийизден, таардан, кездемеден, кийинчерээк баркыттан жасалган. А. көчмөн турмушка ылайыкталган. А-тын

Файл:АЯККАП88.png

оозу үч, төрт бурч же жарым айлана түрүндөгү капкалдырыгы м-н жабылат. Анын көрүнөө бети м-н капкалдырыгы оймо-саймалар, четтери торлуу чачылар м-н кооздолгон. Керегенин башына илип коюу үчүн А-тын эки четине илгич тагылган. Ал боз үйдүн эпчи жагындагы керегеге илинген. Азыр А. сейрек кездешип, кооздук үчүн гана жасалат.