АЯККАП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:12, 10 Март (Жалган куран) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 ‒ идиш-аяк сактай турган, керегеге илип коюучу буюм. А. ооз жагы түз кесилген, төрт бурч формасында, байыркы мезгилде кулун м-н койдун терисинен, кийизден, таардан, кездемеден, кийинчерээк баркыттан жасалган. А. көчмөн турмушка ылайыкталган. А-тын
Файл:АЯККАП88.png

оозу үч, төрт бурч же жарым айлана түрүндөгү капкалдырыгы м-н жабылат. Анын көрүнөө бети м-н капкалдырыгы оймо-саймалар, четтери торлуу чачылар м-н кооздолгон. Керегенин башына илип коюу үчүн А-тын эки четине илгич тагылган. Ал боз үйдүн эпчи жагындагы керегеге илинген. Азыр А. сейрек кездешип, кооздук үчүн гана жасалат.