АЯЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:14, 14 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЯЗ ‒ кыш мезгилиндеги атм-нын төмөнкү темп-радагы абалы. Кар түшкөндөн кийин болот. А. убагында чыкыроондоп, абанын темп-расы төмөндөп, карандай суук өкүм сүрөт. А. айрыкча Жер шарынын уюлдарга жакын жерлерине жана бийик тоолуу аймактарына мүнөздүү. Кыргызвтандын бийик тоолуу аймактарында (Ак-Сай, Арпа, Суусамыр, Чаткал, Алай ж. б.) А. катуу болот. Кыргыздар мурда А-ды абанын темп-расына жараша темир А., мүйүз А., кийиз А. деп бөлгөн.