АЮУЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:11, 3 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЮУЛАР (Ursidae) ‒ сүт эмүүчүлөр классынын жырткычтар түркүмүнүн тукуму. Алп денелүү зор айбан. Башы чоӊ, тумшугу узунураак. Буттары беш манжалуу, күчтүү, тырмактары ичине кирбейт. Куйругу кыска. Жүнү жыш, калыӊ; тиштери чоӊ, жыт билүүсү жакшы өрчүгөн. Географиялык шарттарга ыӊгайлашып жашоосуна карай ак, кара, күрөӊ түрлөргө бөлүнөт. Алар чөлдө, бийик тоодо, тропик токойлордон Арктикага чейин таралган. Европа, Азия, Кавказ, Орто Азиянын тоолуу жерлери менен токойлорунда кездешет. Кыргызстанда эӊ чоӊ күрөӊ аюу жашайт. А-дын кууту июнь айында башталат. Октябрда чээнге кирет, чээнде 1‒5 мамалак тууйт. А-дын саны кескин азаюуда, көп өлкөлөрдө коргоого алынган.