АЮ ЧАЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:19, 8 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (Prangos pabularia) ‒ өсүмдүктөрдүн чатырдуулар тукумунун шашырлар (Prangos) уруусунун бир түрү, көп жылдык чөп. Өзөк тамырлуу, узун негизги тамыры бир нече жылда 2 мге чейин жетет. Сабагы тик, бийикт. 60‒175см, бутактуу. Тамырлаш жалбырактары көп, чоӊ, ичке бөлүктөргө бөлүнгөн. Топ гүлү 10‒20 нурдуу чатырча. Мөмөсү кош урук, быржыктуу, жээги жаргакчалуу. Жер Ортолук деӊиз аймагында, Батыш, Орто, Борб. Азияда ж-а Гималайда 35ке жакын түрү өсөт. Кургаган жалбырактары малга тоют. Кыргызстандын Чаткал, Фергана, А-Ойнок кырка тоолорунда кеӊири таралган. Жерг. эл тамырынын кайнатмасы м-н мал котурун дарылашат. А.ч-тын мите кенелерди өлтүрө тургандыгы ил. жактан далилденен.

К. Т. Тургунбаев.