АЮ КУЛАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:02, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЮ КУЛАК (Verbascum) ‒ эки же көп жылдык отоо чөп, айрымдары бадал сымал өсүмдүк. Норичниктер уруусуна кирет. Сабагы тик өсөт, жалбырагы боз түк менен жыш капталган, узундугу 60‒220 см. Тик жалбырагы жоон сабагынын тамырлаш жагын курчап жайгашат, узундугу 30‒50 см, эни 12‒14 см. Топ гүлү-шыпыргы, машак сымал же чачы. Гүлдөрү сары же сыя түстүү. Мөмөсү–тоголок же узата келген кутуча. Европа, Алдынкы Азия, Түндүк Африка, Америкада 300, Кыргызстанда 7 түрү бар. Жол боюнда, шалбаада өсөт. Кадимки жана дары Аю кулактын гүлү какырык чыгаруучу, ичти жумшартуучу дары катары колдонулат.