АЮ КУЛАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:14, 3 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЮ КУЛАК (Verbascum) ‒ эки же көп жылдык отоо чөп, айрымдары бадал сымал өсүмдүк. Норичниктер уруусуна кирет. Сабагы тик өсөт, жалбырагы боз түк менен жыш капталган, узундугу 60‒220 см. Тик жалбырагы жоон сабагынын тамырлаш жагын курчап жайгашат, узундугу 30‒50 см, эни 12‒14 см. Топ гүлү-шыпыргы, машак сымал же чачы. Гүлдөрү сары же сыя түстүү. Мөмөсү–тоголок же узата келген кутуча. Европа, Алдынкы Азия, Түндүк Африка, Америкада 300, Кыргызстанда 7 түрү бар. Жол боюнда, шалбаада өсөт. Кадимки жана дары А. к-тын гүлү какырык чыгаруучу, ичти жумшартуучу дары катары колдонулат.