АЭРОТЕРАПИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:57, 10 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРОТЕРАПИ́Я (аэро... жана терапия ) ‒ ачык абада организмди чыӊдоо жана дарылоо ыкмасы. Дарылоо жана ден соолукту чыӊдоо максатында колдонулат. Анын негизги максаты дененин сырткы температуранын терс таасирлерине чыдамдуулугун жогорулатуу болуп эсептелет. Таза абада болуу узактыгы жыл мезгилине, аба ырайына (абанын температурасына, нымдуулугуна, шамал күчүнө) дененин чыдамдуулугуна, ден соолукка жараша болот. Ал санаторий-курорттук дарылоодо климат менен дарылоонун маанилүү бөлүгүн түзөт. Аба ваннасын кабыл алуу убактысы улам узартылып, нымдуу сүлгү менен сүртүнүү, душка, сууга түшүү менен айкалыштырылып жүргүзүлөт.