АЭРОЛОГИЯ СТАНЦИЯСЫ
АЭРОЛОГИЯ СТАНЦИЯСЫ ‒ атмосфераны такай изилдеп туруучу метеорологиялык мекеме. Радиолокатор же радиотеодолит менен жабдылып, алардын жардамы менен радиозонддун учушуна байкоо жүргүзөт. Атмосферанын 30‒40 кмге чейинки бийиктигинде болуучу шамалдын ылдамдыгын, абанын температурасын, басымын жана нымдуулугун радиозонддун сигналы аркылуу аэрология радиолокатору кабыл алат. Алынган маалыматтар атмосфераны изилдөөдө жана аба ырайын прогноздоодо пайдаланылат.