АЭРОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:09, 3 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРОЛО́ГИЯ (аэро... жана гр. logos ‒ илим) ‒ атмосфера физикасынын атмосферанын жогорку катмарындагы физикалык процесстер менен кубулуштарды изилдөөчү бөлүгү. Ал атмосфераны курамы менен түзүлүшүн, жаан-чачын менен булуттун пайда болушун жана алардын өнүгүүсүн жөнгө салуу жолдорун, аба массаларынын бири бирине тийгизген таасири дагы .ушул сыяктууларды изилдейт. Атмосфераны изилдөөнүн түрлүү ыкмаларын иштеп чыгуу жана алар үчүн приборлорду (к. Аэрологиялык приборлор ) ойлоп табуу иштерин да жүргүзөт. А-лык изилдөөлөр электрондук аппаратуралардын, авиациянын ракеталык жана метеорологиялык спутник техникасынын, ошондой эле обсерваториялар жана станциялардын жардамы менен жүргүзүлөт.